03.09.2019 13:27

Алмазбек Атамбаев салдырган «7-Апрель шейиттери» мечити камакка алынды

Алмазбек Атамбаев салдырган «7-Апрель шейиттери» мечити камакка алынды

Алмазбек Атамбаев салдырган «7-Апрель шейиттери» мечити камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянып, super.kg порталы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Юнусалиев көчөсүндөгү 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факт боюнча Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон илимий өндүрүштүк фирма «Медиа Форум» ААКсына катталган. Мындан улам Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда тергөө органдары мечитти курдурууга кеткен каражат кайдан алынганын иликтешүүдө деп жазылат маалыматта.

Сыйымдуулугу 5 миң кишиге жеткен «7-Апрель шейиттери» мечитин экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин 7-кичирайонуна курдурган. 2019-жылдын 4-апрелинде ачылышы болгон. Ачылыш аземде сүйлөп жатып, Алмазбек Атамбаев мечитти салууга берген 2 гектардан ашуун жерди 25 жыл мурун алганын айткан. Мечит салууга кеткен каражат мурунку президенттин жеке казынасынан жумшалган.